Индира Жолдубаева кыргыз тилинен аксай турганын моюнга алды
Башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева кыргыз тилинде сүйлөөдөн кыйнала турганын моюнга алды. Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында депутаттар талапкердин суроолорго орус тилинде жооп берип жатканын айтышып, "Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиз?" деп сурашты. Жолдубаева: "Кыргыз тилинде айтылгандарды жакшы эле түшүнөм, болгону тажрыйбам аздык кылат. Бул кемчиликти жоём, ишке байланыштуу эч кандай кыйынчылык болбойт",- деп билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

