Материалдык резервдер фондунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түндүк аймактык башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 94 миң сомдон ашык товардык-материалдык баалуулуктарды өздөрүнө чегерип алышкан. Учурда бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ajar.

28.01.2015. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнүнө ушул сыяктуу 4-5 жаңылык чыгып жатат, баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышат, мамлекетке ири суммадагы зыян келтиришкен болот. Анан ой келет, бу жогорку кызмат адамдары мамлекеттин казынасына беш колун салып, талап-тоноп, өлөйүн деп калышкан окшойт. Болгон сайын болсо деп жутунушат, байкуш мамлекет, анан кантип оңолот... Энем айтчу эле, "адамдын көзү топуракка тоёт" депчи...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.