super.kg logo

Түштүк аймакта апрелден баштап зордук-зомбулукка кабылгандар үчүн кризистик борборлор иштей баштайт

 

Өлкөнүн түштүк аймагында апрель айынан тарта зордук-зомбулукка кабылгандар үчүн кризистик борборлор иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Республикалык психикалык ден соолук борборунун жетекчиси Ураимжан Исмаилов билдирди. 

"Февраль айынын башында ал жакта ачыла турган кеңселердин акыркы даярдыктарын көрүп келебиз. Кризистик борборлорду ачуу 1-апрелге пландалууда. Бул пилоттук долбоор 1,5 жылга эсептелинген. Кийинчерээк ушул сыяктуу борборлорду өлкөнүн бардык аймактарында ачабыз деп пландап жатабыз. Бул долбоордун жардамы менен биз зордук-зомбулукка кабылгандарды атайын адистердин жардамы менен дарылап, мурунку калыбына келтирүүнү көздөөдөбүз",- дейт У.Исмаилов. 

Жетекчинин айтымына караганда, азыркы тапта психотерапевт, клиникалык психолог сыяктуу кесиптердин маянасы төмөн болгондуктан, бул кесипке жаштар кызыгышпайт. Ал эми өлкөнүн айрым аймактарында мындай адистер жетишсиз болсо, айрымдарында такыр эле жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: