Парламент баңгизаттарды көзөмөлдөө органдарынын укуктарын күчөтүүчү мыйзам долбоорун 2-окууда карады
Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөө органдарынын укуктарын жогорулатуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-январда 2-окууда талкуулап, добуш берүүгө жиберди. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору Алымбай Султановдун айтымында, долбоор аркылуу жарандардын администрациялык укук бузгандыгы жана кылмыш жасагандыгына шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн кароону, алардын буюмдарын, кол жүктөрүн, автоунаасын кароону, протоколдорду түзүүнү, буюм заттарын, каражаттарын жана документтерин алууну жүзөгө ашырууга баңгизаттарды көзөмөлдөө органынын кызматкерлерине мүмкүндүк берүү жагы каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

