super.kg logo

Бишкекте залкар акын Арстанбек Буйлаш уулунун эстелиги тургузулат

 
Бүгүн, 28-январда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кыргыздын залкар акыны, комузчусу, көсөмү Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында анын эстелигин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууга СССРдин Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков, академик Үсөн Асанов, Улуттук маданий борбордун директору Рыскул Боромбаев катышты. Жыйынтыгында Арстанбек Буйлаш уулунун айкелин жасоо белгилүү скульптор Тургунбай Садыковго жүктөлдү. Ал эми айкелдин өзү шаарыбыздын акындар аллеясына, Москва көчөсүнүн жээгине коюлары болжолдонууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: