super.kg logo
  Саясат  

Бажы биримдигин эске алуу менен Кыргызстан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүүдө

 
Бажы биримдигине кирүүдөн кийин рыноктун кеңейишин эске алуу менен Кыргызстан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүүдө. Муну 28-январда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.
Мисалы, картошканын аянты былтыркыга караганда 1,2 миң гектарга көбөйүп, жалпы 80,1 миң гектарды, жашылча-жемиштердин аянты 2,7 миң гектарга көбөйүп, 47,6 миң гектарды, бакча өсүмдүктөрү 0,7 миң гектарга көбөйүп, 10 миң гектар болору күтүлүүдө.
"Техникалык өсүмдүктөрдүн ичинен кант кызылчасы 6,2 миң гектарга себилип, былтыркыдан 1,1 миң гектарга азайса, пахтанын айдоо аянты 2,2 миң гектарга кыскарып, 21,1 миң гектарды түзмөкчү. Бирок, министрлик  Чүй, Талас облустары менен 2015-жылы кант кызылчасынын аянтын 8 миң гектарга жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө",- деп билдирет министрлик. 
Маалыматка таянсак, жакында "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоору бекитилип, дыйкандарга 6 миллиард сомго чейин жеңилдетилген насыя бериле баштайт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: