Быйыл ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын түшүүсү 1,8 миллиард сомго болжолдонууда

2015-жылга ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын түшүүсү 1 миллиард 826,4 миллион сом өлчөмүндө күтүлүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылы ыктыярдуу салыктын негизиндеги салыктын түшүүсү 1 миллиард 756 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 27-январда билдирди.
Маалыматка караганда, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык атайын салык режиминин түрлөрүнүн бири болуп саналат жана салык органынан ыктыярдуу патентти алып жатканда жеке адам – салык төлөөчү тарабынан төлөнөт. Салыктын бул түрү толугу менен жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

