Ысык-Көл. Каракол шаарында өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып, телефон тоноп жүргөн айым кармалды



6-февралда саат 18:30 чамасында Каракол шаарында милиция кызматкеринин формасын кийип алып телефон тоноо менен алектенип жүргөн айым кармалды. Кылмышка шектүү жаран 1992- жылы туулган К.М. аттуу айым экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Кармалган кыз “телефонуң уурдалган экен” деген шылтоо менен шаар тургундарынын телефонун тартып алып келген. Мурда да уурулук кылмышы үчүн камалып, 2012-жылдын 31-декабрында эркиндикке чыккан. Кийип жүргөн формасын да уурдап алгандыгы аныкталды. Учурда бул айым Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайында отурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

