super.kg logo
  Спорт  

Машыктыруучу: “Мушкер Азат Усеналиев Олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүн арттыра алды”

 

23-январь түнү кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын алкагында “Украинские атаманы” клубунун курамында биринчи беттешин өткөрдү. Анда мушкерибиз 5 раунддук беттештин 4-раундунда атаандашы беттешти улантуудан баш тарткандыктан, техникалык нокаут менен жеңишке жетишти. Азатка жеңилип калган Уэльс өлкөсүнүн мушкери Эндрю Селби өткөн жылы бокс сүйүүчүлөрүнүн рейтингинде 52 килограмм салмакта 1-орунду ээлеп турган. Бокс ишмерлери Азат Усеналиевдин Олимпиада жолдомосу үчүн болгон беттеште негизги атаандаштарынын бирин утканын айтышууда. 

“АЗАТ УШУЛ АТААНДАШЫ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮНҮ КӨПТӨН БЕРИ ТИЛЕП ЖҮРГӨН”

Бокс боюнча улуттук курама команданын капитаны, мушкер Эрмек Сакенов болуп өткөн беттеш тууралуу SUPER.KG порталы менен ой бөлүштү. Ал жердеши Азат Усеналиевдин бул беттешти көп убакыттан бери күтүп жүргөнүн айтты.

- Селбиге каршы рингге чыгууну Азат көптөн бери күтүп жүргөн. Өткөн жылы беттешип, анча чоң эмес айырма менен упай катыштыгында утулуп калган. Ошондо Азат “Эрмек, Селби деген кыйын мушкерлердин бири экен. Эми көбүрөөк иштеп, каталарымды оңдойм” деп көп жолу айткан. Мына, өзүңөр көргөндөй, таза жеңишке жетишти. Биз аябай кубанып жатабыз. Бардык кыйынчылыктарга чыдап, алдыда Олимпиадага жолдомо алам деген башкы максатына жетип алсын. Азатка ийгилик каалайм!

“АЗАТ ОЛИМПИАДАЛЫК ЖОЛДОМО ТАЛАШТА НЕГИЗГИ АТААНДАШЫН УТТУ”

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов бул жеңиштин оңой болбогонун айтып, кубанычын жашырган жок. Ал Азатка утулуп калган Эндрю Селбинин буга чейин мыкты ийгиликтерди жаратканын да баса белгиледи.

- Азат улуттук курама командага алынганда 18 гана жашта болчу. Башында эле анын аракетчил, билимдүү бала экенин байкагам. Өткөн жылы утулуп калганда Азаттын бир топ каталары бар эле. Атаандашын жакшы таанып калгандан кийин, тактика жагынан көп иштөө керек экенин түшүндүк. Бул беттеш алдында Азат менен жарым саат телефон аркылуу сүйлөшүп, рингде эмнелерге көңүл буруу керектигин талкууладык. Азат бул жеңиш менен Олимпиадага жолдомо талашта негизги атаандашын жеңип алды. Калган беттештерин утса, жолдомо алганга мүмкүнчүлүк бар. Себеби Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларында 10 салмак категориясында бирден жолдомо берилет. Бул жерде команда жеңишке жетпей калса да, жекеликте топтогон упайлар эске алынат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.01.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Vo mujik Azat. Otkondo ele Akayu, Kazaxstanda bir ХХХ m.n Tajikti nokautka soktu ele. Davai-davai kyrgyz jigitteri. Negizi ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-28 17:17:38
28.01.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurjigit.Kg, башка улуттарды кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
28.01.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызымдын жигиттери менен сыймыктанабыз! Ураа женишин кут болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: