Депутаттар кесиптеши Нурлан Төрөбековду мандаттан ажыратууга каршы болушууда
"Депутат Нурлан Төрөбеков Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин өзүнө аябай жакын алып алыптыр, азыр абалы оор. Жакында эле операция жасалды",- деп билдирди депутат Эсенгул Исаков. Парламенттин 28-январдагы жыйынында депутат Нурлан Төрөбековду мандатынан ажыратууга макулдук берүү маселеси каралууда. "Ооган согушунун ардагерлерин бир канча жыл жетектеп келди. Өзүнүн үйү жок болсо да, өзүнө кайрылган адамдарга жардам берип жүрөт",- деди Э.Исаков. Депутат Кожобек Рыспаев 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн аякташына аз эле убакыт калганын айтып, прокуратураны депутатка аяр мамиле кылып коюуга чакырды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 24-сентябрда Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбеков "жогорку окуу жайын бүтүргөн" деген негизде жасалма диплом алган" деп айыпталып, кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

