Курмантай Абдиев: "Депутатка 15 миң сом үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес"
"Депутатка 15 миң сом үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес". Мындай пикирди депутат Курмантай Абдиев 28-январда Жогорку Кеңеште депутат Нурлан Төрөбековду мандатынан ажыратуу маселеси талкууланып жатканда айтты. Абдиев башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматовго кайрылып, "15 миң сом үчүн кылмыш ишин ачып жатсаңар, анда миллиондогон сомдорду коротуп, чет өлкөгө бизнес-класс менен учкан чиновниктерди жоопкерчиликке тарткыла" деди депутат. Айта кетсек, Төрөбековго "мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чин менен кошо 15 миң сом берилген.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

