super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Кыргызстандык жаранга Орусиянын армиясында кызмат өтөөгө уруксат берилеби?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Жаңы 2015-жылдын январь айында Орусия Федерациясынын Президенти В.В.Путин "Аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койгон. Бул указга ылайык, чет өлкөлүк жарандар Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн түзүмдөрүндө келишим (контракт) түзүү менен аскердик кызмат өтөй алышат. 

Мындан улам суроо: Кыргызстандын жарандары Орусиянын армиясында аскердик кызмат өтөй алышабы? КРнын Конституциясы буга уруксат береби? Суроо калтырган Xabibbullo.

Жооп: - Кыргыз Республикасынын “КРнын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргызстандын жараны Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө аскердик милдетин өтөшү керек.

Эгер Кыргызстандын жараны Кыргыз Республикасында кызмат өтөп, андан кийин башка мамлекеттин армиясында келишимдик негизде кызмат өтөгүсү келсе, мыйзам чегинде ага тыюу салынбайт.

Эгер Кыргызстанда кызмат өтөбөй туруп, башка мамлекетте аскердик кызматты өтөсө, ал аскердик кызмат Кыргыз Республикасында аскердик кызмат катары эсептелинбейт жана ал жаран 25 жашка чыккыча аскерде кызмат өтөбөсө, аскерден качкан болуп эсептелинип, мыйзамга ылайык, жоопко тартылат же айып пул төлөйт.

Суроого Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын басма сөз кызматы жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.01.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр альтернатива менен военный билет алса болобу
Дегеле канча акчага жол жобосу барбы
29.01.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ суроо берген тура :)
Модератор admin_media түзөттү 2015-01-29 15:01:51
29.01.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
crishti_7,

Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
Модератор admin_media түзөттү 2015-01-29 15:03:35
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: