Караколдо Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт
Каракол шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Азыркы тапта аталган мааракени өткөрүү жана ага даярдык көрүү боюнча атайын план түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Мааракеге арналган иш-чаралардын алкагында коомдук жайларда көрсөтмө маалыматтар илинмекчи. Билим берүү мекемелеринде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү тууралуу кароо-сынактар, кечелер жана ачык сабактар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле бул мааракеге арналган семинарлар, тегерек стол, акциялар жана фестивалдарды өткөрүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.