Жогорку Кеңеш Нурлан Төрөбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок

Жогорку Кеңеш депутат Нурлан Төрөбековду мандаттан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берген жок. Мындай чечим парламенттин 28-январдагы жыйынында кабыл алынды. Токтом долбооруна (депутатты мандаттан ажыратууга) 78 депутат "каршы", 7 депутат "макул" деп добуш берди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова депутат Төрөбековго 2014-жылдын 24-сентябрында "мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чинди жасалма дипломду пайдаланып алган" деген негизде ага кылмыш ишин козгоп, парламенттен аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

