super.kg logo
  Саясат  

Депутат Турсунтай Салимов Бишкекте "сойкукана" деп табылган жай өзүнүкү экенин моюнга алды

 

Бишкектеги эс алуучу жайлардын бирине Ички иштер министрлигинин тийиштүү бөлүмү 27-январда тинтүү жүргүзүп, жыйынтыгында ал жерде сойкукана болгону маалымдалды. Бул жай Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимовго таандык экени жарыяланган. Аталган жай өзүнүн менчиги экенин депутат SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул жай менин менчигим экени ырас, бирок 4 жылдан бери мен иштетпейм. Башка адамдарга ижарага берип койгом. Бирок ал жер сойкукана эмес, сауна. Мен деле жумасына бир жолу барып эс алып турам. Эс алуу жайын "сойкукана" деп тинтүүгө алган милиция кызматкерлери кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатышат. Бул мага карата жасалган саясий кысым. Аны мен иштетпегендиктен, жоопкерчиликти ижарага алып иштеткен тарап алат. Бирок мен адвокат жалдап, бул ишти көзөмөлгө алам",- деди Салимов. 

Эс алуучу жайдын администратору кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: