“Коопсуз шаар” долбоору 3 жыл аралыгында ишке ашырылат

“Коопсуз шаар” долбоору 3 жыл аралыгында ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
Анын айтымында, камералар Бишкек, Ош шаарлары жана Бишкек-Каракол унаа жолунда орнотулат.
“Камераларды орнотуу иштери тендерде утуп чыккан ишкана менен эки тараптуу келишим түзүлгөн соң башталат. Азырынча качан башталары белгисиз. Бирок аз убакыттын ичинде ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүнө жана 34 коомдук жайга 4 миңден ашык камера коюлат. Бул долбоор аркылуу кылмыштуулуктун санын азайтууну максат кылуудабыз”,- деди Асанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.