super.kg logo
  Саясат  

ИИМдин Ички аскерлер бөлүгү Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүлөт

 

Жогорку Кеңеш ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүн Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун 28-январда 3-окууда колдоду. Мыйзам долбоору Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, мурда Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүн Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүүгө жол ачат. Андан сырткары ал Улуттук гвардиянын курамында Куралдуу күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн бири болуп калат.

Ошондой эле ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоорундагы айрым аталмалардын кыргызча-орусча которулушу өз ара шайкеш келтирилип жатканын айтты. Мисалы, расмий тилдеги вариантындагы "критическая ситуация" деген сөз мамлекеттик тилде "өзгөчө кырдаал" деп туура эмес которулуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: