super.kg logo

Азербайжан жазуучусу Амир Пехлевандын китептери кыргыз тилине которулат

 

Азербайжан жазуучусу Амир Пехлевандын китептери кыргыз тилине которулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Нурсет Мамедов билдирди.

Маалым болгондой, Амир Пехлевандын “Түрктүн жол картасы”, “Аскер башчы”, “Улуулардын  жери” аттуу поэмаларында түрк дүйнөсүнүн тарыхы чагылдырылган.

Президент Алмазбек Атамбаевге арналып жазылган “Улуулардын жери” китебинде Кыргызстандын кайраттуу жана баатыр элинин тарыхы жазылган. Ошондой эле президенттен тышкары китепте Токтогул Сатылганов, Чыңгыз Айтматов, Юсиф Балашоглу өңдүү жана башка залкар инсандар да камтылган. Китеп Азербайжан, Грузия, Дагестан жана Кавказда жайылтылган.

Белгилей кетсек, 2014-жылы А.Пехлевандын “Түрктөрдүн жол картасы” жана “Аскер башчы” китеби, президент А.Атамбаевдин буйругуна ылайык, “Айкөл Манас” жана “Ак илбирс” сыйлыгына арзыган.

А.Пехлеван - Азербайжандагы эң атактуу жазуучулардын бири. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде 50дөн ашуун китеби басылып чыгарылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: