Аксы районундагы аэропортту ишке киргизүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Исхак Пирматов Аксы районунун борборундагы аэропортту ишке киргизүүнү сунуштады. Депутат аталган аэропортту иштетүүгө өкмөттүн күчү жетерин айтат. "Кербендеги аэропортто бардык жабдуулар бар, учактарды кабыл ала алат, бирок учурда иштебей турат. Ишке кирсе, Аксы, Ала-Бука, Чаткал жана Ноокен райондорунун тургундарына жакшы болмок. Учурда бул райондорго жакын аэропорт Ош шаарында, ал жакка барыш үчүн таксинин акчасынан ашып түшүүдө. Ошондуктан жергиликтүү эл Бишкекке такси менен гана келүүгө мажбур болууда",- деди Пирматов.
Автор: Автандил Добулбеков
Сунуш өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

