super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин февраль айында карайт

 

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин февраль айында карай турганын спикер Асылбек Жээнбеков 29-январда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, канадалык ишкана менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр улантылып жаткандыктан, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламентке кайрылып, жылдырып турууну суранган.

"Биз "Кумтөр" боюнча келишимди бүгүн болсо бүгүн караганга даярбыз. Январь айынын күн тартибине киргизген болчубуз, премьер-министр келип, бир аз убакытка жылдырып турууну өтүндү",- деди Жээнбеков.

Андан сырткары спикер Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча иш алып барган дирекциянын ишине токтолуп, бул маселе да жакынкы аралыкта караларын кошумчалады.

Айта кетсек, учурда Бишкекте "Кумтөрдү" иштеткен канадалык компаниянын өкүлдөрү менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев башында турган топ сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Сүйлөшүү бүгүн аягына чыгышы күтүлүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: