super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева Жети-Өгүздөгү айылдык клубдун курулушу менен таанышты

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылына барып, андагы айылдык клубдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу 28-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айыл башкармалыгынын жетекчиси Аскарбек Сатылганов белгилегендей, клубдун курулушу 2008-жылы башталган.

"Клубдун курулушуна 28 миллион сом бөлүнүп, учурда анын 23 миллион сому өздөштүрүлгөн, азыр жасалгалоочу жана тийиштүү аймакты иретке келтирүү иштери калды. Клуб 2 кабаттан турат жана 190 орунга эсептелген",- деди айыл башкармалыгынын башчысы.

Имаратты кыдырып чыккан Дамира Ниязалиева жалпы курулуш иштерин 2015-жылдын сентябрь айына карата жыйынтыктоону тапшырды. Ошондой эле Дархан айылынын тургундары вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага Дархан, Чычкан жана Саруу айылдарын сугат суусу менен камсыздоочу дамбаны курууга 10 миллион сом бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Дамира Ниязалиева бул маселени иликтеп, мүмкүнчүлүккө жараша дамбаны каржылоо маселесин чечип берүүнү убадалады. Андан соң вице-премьер-министр Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы «Нур» бала бакчасына барды. Бул имарат 1981-жылы курулган жана көп жылдан бери иштебей турган. 2011-жылы гранттык каражаттарга имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, бала бакча иштей баштаган. Учурда анда 220 бала тарбияланып, 28 тарбиячы эмгектенет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: