super.kg logo
  Саясат  

"Банктардын пенсионерлердин эсебинен байышына жол бербешибиз керек" дейт депутат Кутушев

 
"Банктардын пенсионерлердин эсебинен байышына жол бербешибиз керек",- деп билдирди депутат Абдыманап Кутушев 29-январда Жогорку Кеңеште. Жыйында жеке банктардын сырттан алып кирип жаткан банк жабдыктарын кошумча нарк салыгынан бошотууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Өкмөт мүчөлөрү банк жабдуулары салыктан бошотулса, жеке банктар аймактарга банк жабдууларын жеткирип, пенсия алуу, коммуналдык төлөмдөрдү акысыз төлөөгө шарт болорун айтышты. Депутат Кутушев сунушту колдоого чакырды. "Сиздер пенсиядан пайыз акча алынбайт деп жатканыңыздардан колдоп беришибиз керек. Эгерде пенсиядан пайыз алынчу болсо, өкмөттөн жооп берүүнү талап кылабыз",- деди депутат.
Экономика министри Темир Сариев сырттан кирчү банк жабдыктарын салыктан бошотуу мөөнөтү 2 жыл экенин айтты. "Биз бир жагынан утулсак, бир тарабынан утуп жатабыз. Аларга да мүмкүнчүлүк берип жатабыз, 2 жылдан кийин кайра салык алабыз",- деди Сариев.
Депутат Улукбек Кочкоров 2 жылда өкмөт 70 миллион сомго жакын каражаттан кол жууй турганын билдирди. "Эгерде банктар жабдыктарды айылдарга жеткирбесе, ушул акчаны экономика министринен өндүрүп алышыбыз керек. Ушул боюнча токтом кабыл алууну суранам",- деди Кочкоров. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: