Алтынбек Максүтов ооруканада дарыланып жаткан кыргыз искусствосунун залкарлары менен жолукту
Алтынбек Максүтов Кыргыз Эл артисти Мираида Далбаева менен.


Алтынбек Максүтов Кыргыз Эл артисти Мираида Далбаева менен.

СССРдин Эл артисттери Самара Токтакунова жана Кайыргүл Сартбаева.


СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова.

Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаев.
Бүгүн, 29-январда Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов СССРдин Эл артисттери Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова, Кыргыз Эл артисттери Сатыбалды Далбаев жана Мираида Далбаева менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Маалым болгондой, кыргыз искусствосунун залкарлары учурда ооруканада ден соолуктарына кам көрүп жатышат. Министр улуу устаттардын саламаттыгына көңүл буруу менен бирге кыргыз маданияты, театрлардын абалы, профессионалдык искусство тууралуу баарлашты. Кыргыз маданиятынын күзгүсү болгон улуу корифейлер ооруну сураса айыкканга тете экенин айтышып, министрге ыраазычылык билдиришти. Жаштары өр таяп калганына карабастан, чыгармачылыкты аркалап жүргөн бүгүнкү жаштарга өрнөк, үлгү болчу насаат сөздөрүн айтышып, дем берип, кыргыз маданиятынын учурдагы абалы, жагдайдан чыгуу жолдору туурасындагы ойлорун ортого салышты.
Эскерте кетсек, быйыл, 2015-жылдын 9-мартында залкар комузчу Самара Токтакунова 70 жаш, ал эми 2016-жылы Кайыргүл Сартбаева 80 жаш кутман курагын белгилешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
Sadyrov_n93

29.01.2015. 21:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул министрдин деле кылган иши билинбейт ко,кызматка дайындалаарга жакын депутаттарга коп эле убада бергендей болдуле,же мен корбой жатамбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.