Депутаттар күйүүчү майдан акциздик салык алууга багытталган демилгеге каршы чыгышты
Жогорку Кеңеш 29-январда өкмөт тарабынан сунуш кылынган алкоголь, тамеки жана күйүүчү майга болгон акциздик салыкты жогорулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Эгерде демилге колдоого алынса, күйүүчү майдын 1 литрине 1 сом 92 тыйындан акциздик салык кошулат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айрым депутаттар демилгеге каршы чыгышты. "Акциздик салык чиновниктерге таасир этпейт, бул жөнөкөй жарандардын капчыгына терс таасир берет. Биз тамеки менен ичимдиктерге акциздик салык албагыла деген жокпуз. Көтөргүлө, бирок күйүүчү майга тийишпегиле. Силер муну менен мугалимдердин айлыктарын көтөрөбүз деп шылтоо кылбагыла",- дешти депутаттар. Талкуу уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

