super.kg logo
  Саясат  

Күйүүчү май, тамеки, ичимдиктердин акциздик салыгын көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

“КРнын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында 2-окууда каралды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору арак, ликёр-арак ичимдиктери, күчтүү ичимдиктер, күчтүү ширелер жана бальзамдар, коньяктар (коньяк спиртин кошпогондо), бөлүштүрүп куюлган сыралар, алкоголу аз ичимдиктер, күйүүчү жана майлоочу материалдар (бензин, мазут) акциздик салыктын базалык ставкаларын жогорулатуу максатында даярдалган.

Депутат Азамат Арапбаев дыйкандардын айдап-себүү, жыйноо иштерине дизелдик майлар колдонуларын эске алып, анын жогорудагы тизмеден чыгарылганын айтты. Ал эми калган көрсөтүлгөн товарларга акцизди көтөрүүдөн түшкөн каражаттарга мугалимдердин маянасын көтөрүүгө жумшалат. 

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: