Чыныбай Турсунбеков Түп районунун айылдык кеңештеринин депутаттарын кабыл алды
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 29-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдык кеңештердин депутаттарын кабыл алды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө аталган райондун Балбай айылынан келген депутат жазгы талаа жумуштарына муктаж болгон үй-бүлөлөргө күйүүчү майдан жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Ал эми Сан-Таш айылдык кеңешинин депутаты аталган айылда 960 гектар жер буга чейин бир эле адамга 49 жылга ижарага кетип калганын айтып, жерди ижарага берүүнүн мөөнөтүн азайтуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү сунушун билдирди.
Турсунбеков айтылган сунуштарды карап чыга тургандыгын убадалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

