super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Өкмөттүн дыйкандарга 7 пайыздан берип келген насыясы быйыл да берилеби?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Убагында Өмүрбек Бабанов 7 пайыздык насыя берүүнү баштап кеткен. Кийин анын демилгесин Жантөрө Сатыбалдиев 10 пайыздык насыя кылып уланткан. Быйыл да берилеби? Берилсе, качан токтом чыгат? Суроо калтырган Delfinchik.

Жооп:7 пайыздык насыя берүү Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдындагы жарыяларынын бири болгон. Ал өкмөткө келгенден кийин ушул убадасын ишке ашырууга аракет кылган, бирок иш жүзүнө жакшы ашкан эмес.

Ө.Бабанов "Ала-Тоо финанс" чакан насыя берүү агенттигин түзүп, 7 пайыздык насыя бере баштаган. Бул уюм өзүн актабай жаткандыгынан, анын жетекчиси ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүүнү өтүнгөн. Бир аз убакыт өткөн соң өкмөт бул агенттикти жоюп, 2014-жылдан тарта 10 пайыздык насыя бере баштаган. 

Ошол жылдын ичинде жалпысынан 3 миллиард сомдон ашык көлөмдө насыялар берилген. Бул жылы да өкмөт ушул көлөмдө насыяларды берүүнү пландап жатат. Насыя 5 банк аркылуу берилмекчи. Алардын негизгилери: "РСК-банк", "Айыл банк" жана "KICB банк".

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
30.01.2015. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны каантип алат жол жобосу
30.01.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ularbek89, Саламатсызбы!
Сурооңуздү толуктап, "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө калтырып койсоңуз толук жооп алып бергенге аракет кылабыз.
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: