super.kg logo
  Саясат  

Чылым чегүүнү азайтууга багытталган мыйзам долбоорун парламент 2-окууда колдоду

 

Жогорку Кеңеш чылым чегүүнү азайтууга багытталган мыйзамдын долбоорун 29-январда 2-окууда кабыл алды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, тамеки тартууну кыскартуу үчүн Салык кодексине, Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске, "КР жарандарынын саламаттыгын тамекинин зыянынан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Депутат Дастан Бекешев салык салуу чылым чегүүнү азайтарын айтты. "Ошондон улам Салык кодексине 2015-2017-жылдар аралыгында чылымга карата акциздик салыктын базалык бөлүгүн акырындык менен көтөрүү демилгеси сунушталууда. Андан сырткары 2015-жылдан тарта жөнөкөй белгиленген ставкага өтүү демилгеси да көтөрүлдү",- дейт Бекешев. 

Жыйын жүрүшүндө мыйзам кабыл алынып калса, акциздин суммасы 2015-жылы 550 сомго, 2016-жылы 730 сомго, 2017-жылы 950 сомго чейин көтөрүлүп, жылына бюджетке 500 миллион сом көлөмүндө кошумча каражат түшүп турары айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: