Бишкекте өткөн сутка ичинде 5 жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады
Бишкекте өткөн сутка ичинде 5 жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 29-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу 52 жаштагы аялды унаасы менен сүзүп кеткен. Бирок айдоочу жабыркаган жаранга биринчи жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Ошондой эле Ленин районунун аймагында да жол кырсыгы болуп, анда 24 жаштагы жаранды айдоочу унаасы менен сүзүп, качып кеткен. Учурда алар изделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.