super.kg logo

Ош шаарында өткөн жылы жергиликтүү бюджетке 21,6 миллион сом ашыкча жыйналган

 

Ош шаарында былтыр жергиликтүү бюджетке 21,6 миллион сом ашыкча жыйналган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов билдирди. 

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 759,2 миллион сом салыктык жана салыктык эмес кирешелер жыйналып (2013-жылы 659,2 миллион сом), планда болжолдонгон 737,5 миллион сомго караганда жергиликтүү бюджетке 21,6 миллион сом ашыкча жыйналган. Ал эми 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 100 миллион сомго көп салыктар жана жыйымдар жыйналган. Анын ичинен Салык кызматы тарабынан жыйналган салыктар жана жыйымдар 737,7 миллион сомду түзүп, 2013-жылга салыштырганда 113,9 миллион сомго көп жыйналган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: