super.kg logo

Бишкекте бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган 5 миң бөтөлкө арак алынды

 

Бишкекте бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган 5304 бөтөлкө арак алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шаардагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды сатуу фактыларын аныктоо жана токтотуу боюнча салыктык көзөмөлдөө рейди өткөрүлгөн. Рейддин жүрүшүндө "Моранди" ЖЧКсынын кампасынан бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган "КыргызАлкоТрейд" ЖЧКсына таандык болгон алкоголдук продукция табылган. Салыктарды толук көлөмдө төлөбөө максатында 0,25-0,38 литрге чапталуучу акциздик маркалар 0,5 литрге чапталган.

Учурда материалдар чогултулуп, тиешелүү чара көрүү үчүн ишкананын катталган орду боюнча салык органына өткөрүлүп берилди. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: