Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тажикстандык кесиптеши Хамрохон Зарифи менен жолугушту

6-февралда Каирде өтүп жаткан Ислам Конференциясы Уюмунун саммитинин алкагында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тажикстандык кесиптеши Хамрохон Зарифи менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүдө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга расмий иш сапарын уюштуруу жана эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда суу-энергетика жана транспорттук-байланыш чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу тууралуу сөз болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

