Бишкекте 30-январда жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча коомдук талкуу өтөт
Бишкекте 30-январда "Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору жана айыл чарба жерлерин пайдалануудагы көйгөйлөр боюнча коомдук талкуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин, административдик ведомстволордун башчылары жана жооптуу кызматкерлери, коомдук бирикмелердин, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.
Айта кетсек, акыркы мезгилде жерлерди бир категориядан башка категорияга которууга байланыштуу көйгөйлөр тынымсыз көтөрүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

