Азат Усеналиев, мушкер: "Дүйнөлүк бокс серияларында Эндрю Селби менен болгон беттеште тактикага көп көңүл буруш керек болду"




Жакында бокс боюнча Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев алгачкы жеңишине жетишти. Ал 52 килограмм салмакта "Украинские атаманы" клубунун желеги астында чыгып, британиялык Эндрю Селбини утуп алды. Азат Усеналиев SUPER.KG порталына дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээлеп турган Селби менен беттеш оңой болбогонун жана беттештен рахат алганын айтып берди.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Селби менен болгон беттешти көп убакыттан бери күтүп жүргөм. Себеби былтыркы сезондо орун алган беттеште өзүмдү жакшы көрсөтө албай калгам. Анда тактикалык жактан утулгам. Ошондон бери даярданып келген эмгегим текке кетпей, жакшы жыйынтык болду деп айта алам. Беттештин өзүнө токтолсок, өтө оор беттеш болду. Көбүрөөк тактикага көңүл бурганга туура келди. Бирок өзүмдү колго алып, коюлган тапшырманы аткардым",- деп кошумчалайт мушкер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
semakg

30.01.2015. 09:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Алга кыргыз! Дагыда чон чон ийгиликтерди жарата бер.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.