super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш муфтиятты 12 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу демилгесин 1-окууда колдоду

 

Парламент депутаттары 29-январдагы жыйынында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы тарабынан сунушталган “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөгү” мыйзамга толуктоо киргизүү сунушун 1-окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотууну максат кылат. Мындай демилге Мамлекеттик салык кызматы "муфтият 2011-2012-жылдары 12 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөн эмес" деген негизде муфтияттын банктагы 300 миң долларга жакын каражатын камакка алган. Ошол камсыздандыруу төгүмдөрүн жокко чыгаруу үчүн иштелип чыкты. Эгерде парламент кабыл алып, президент кол койсо, муфтияттын камакта турган каражаты муфтияттын эсебине өтүп, төгүмдөрдөн бошотулмакчы. Бирок аталган демилгеге өкмөт каршы чыгууда. Ал эми жыйында президенттин парламенттеги өкүлү эки тарап бир чечимге келбесе, президент Алмазбек Атамбаев сунушту артка кайтарып коюшу мүмкүн экенин айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: