Оштогу аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактагандар кармалышты



Кылмыштуу топ бастырып кирип чуу салган Ош аэропортунун VIP-залы
Оштогу аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактагандар Бишкектен кармалышты. Мындай маалыматты бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов тастыктады. Азырынча күч органдары алардын кандай шартта колго түшүрүлгөнү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышууда.
Автор: Максат Кудайбердиев
Кошумчалай кетсек, окуя 2014-жылдын 27-декабрында катталган. Анда Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишкен. Анда бөлмөгө 5 адам кирип келгени айтылган. Кийинчерээк ички иштер министри Мелис Турганбаев бул каракчыларды издөөнү өз көзөмөлүнө алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

маалымат бербегенине караганда чындыгында шегим бар
Кээ бир маалыматтар тергөөгө тоскоол болбошу үчүн айтылбайт. Эгер дагы маалыматтар болсо кабарлап турганга аракет кылабыз.