Ырчылар Сайкал, Нурлан жана "тамашоучулар" Малайзияда мекендештер менен жолугушат
"2014-жылдын супер ырчы айымы" Сайкал Садыбакасова менен "2014-жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип.


"2014-жылдын супер ырчы айымы" Сайкал Садыбакасова менен "2014-жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип.

"Бир тууганчик" тасмасынан көрүнүш. Башкы ролдорду ойногон "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов жана Жеңиш Майрамбек уулу.

"Супер-Инфо" өлкөбүздүн таланттуу жаштарына колдоо көрсөтүү салтын улантып, "2014-жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип менен "2014-жылдын супер ырчы айымы" Сайкал Садыбакасовага кышында экзотикалуу Малайзияга эс алып келүүгө жолдомо ыйгарды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мындай сюрприз жыл мыктыларын сыйлоо аземинде жарыяланды. Экөө жагымдуу иш менен пайдалуу жумушту айкалыштырмакчы. Тактап айтканда, 12-февралда кыргызстандыктар менен жолугушуп, кыргыз ырын сагынган мекендештерибизге ыр майрам тартуулашат.
Эске салсак, кышкы суукта алыскы, кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага, "Заманыбыздын рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген.
Аземдеги кубанычтуу кабар муну менен эле чектелген жок. Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов жана Жеңиш Майрамбек уулу да аталган өлкөгө барып, жылдын башында экранга чыккан "Бир тууганчик" тасмасын мекендештерге тартуулап келишери белгилүү болду.
Аталган тасма учурда Бишкектеги кинотеатрларда аншлаг менен коюлуп, көрүүчүлөрдүн жакшы пикирлерине ээ болууда. Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу бул тасманын сценарийин жазып, ал эле эмес, башкы каармандардын ролун да жаратышкан. "Тамашоучулар" 12-февралда Нурлан Насип жана Сайкал Садыбакасова менен биргеликте Малайзияда жашаган мекендештерибизге жолугуп, концерт берип, соңунда аларга белек катары "Бир тууганчик" тасмасын көрсөтүп келишмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
6

Комментарийлер(6)
shutUP

30.01.2015. 10:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малайзиядан киргендер барбы?
ilyaz14

30.01.2015. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malaisianyn samoletteri opasnyi ele.Ekoosu jogolup biroo jarylgan.aman-esen baryp keliwsin
Bakulya79

30.01.2015. 13:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай сонун.аман-эсен барып келгиле.
fea1990

30.01.2015. 14:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аа супер сулуучу
rah

30.01.2015. 16:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы барып келгиле
dastan_nookat

02.02.2015. 00:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
''Жолунуздар шыдыр болсун''
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.