super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: "Балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү кечирүү мүмкүн эмес"

 
"Балдарга жыныстык жактан зордук-зомбулук көрсөткөн жарандарды түшүнүү жана кечирүү мүмкүн эмес",- деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 29-январда Ысык-Көл обладминистрациясында өткөн коллегиялык жыйында. Вице-премьер мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн иш-чаралардын комплекси даярдалып жатканын айтты. 
"Мында мектеп мугалимдеринин, социалдык кызматкерлердин жана өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Ошондо гана мындай окуяларды болтурбоого мүмкүндүк жаралат. Муну менен бирге кыйынчылыкка кабылган балдарды реабилитациялоо курсунан өткөрүүчү кризистик борборлорго жардамдар берилиши шарт. Мындай борборлорго көмөктөшүү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги алгачкы кадамды жасады. Бишкек гуманитардык университетинде бир нече жыл мурун социалдык педагог жана психолог адистерин даярдоо иштери башталган",- деди Ниязалиева. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: