super.kg logo

“Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам балабыздын абалы оорлошуп кеткен” дешет туура эмес дарыланган жигиттин жакындары

 

"Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам балабыздын абалы оорлошуп кеткен". Бул тууралуу бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына "кызамык" деген диагноз менен туура эмес дарыланган 21 жаштагы Садыбакас уулу Рыскелдинин агасы Асылбек Нурманбетов билдирди.

6-январь күнү Рыскелди сасык тумоо болуп, дарыканадан “Терафлю” аталышындагы дарыны алган. Үйгө келип ал бир бөлүгүн ичип, кийинчерээк дагы бирөөсүн ичкен экен. Көп өтпөй анын денесинде кызыл бүдүрчөлөр пайда болуп, көзү кызарып, дене табы көтөрүлүп кеткен. Баланы көргөнгө келген "Тез жардам" кызматы Рыскелдини Шаардык инфекциялык ооруканага жеткирип койгон. Ал жактан дарыгерлер эч кандай анализ албастан, текшербестен, “кызамык” диагнозун коюп, дарылап башташкан. Ошентип, дарыгерлер Рыскелдини оорубаган оорусунан айыктырмак болуп, эки күн туура эмес дарылашкан. Балабыздын абалы начарлап, териси күйгөндөй болуп, жаман абалга жеткен. Эки күндөн кийин ал "аллергия" деген диагноз менен токсикология бөлүмүнө которулган”,- дейт А.Нурманбетов.  

Маалыматка ылайык, Рыскелди 8-январдан бери №4-шаардык оорукананын күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Азыркы тапта ага "Лайелл синдрому" (оор түрдөгү аллергиялык дерматит) деген диагноз коюлган. Рыскелдинин абалы аз-аздан жакшырууда, бирок ага бир катар дары каражаттары жана кан керек.

“Рыскелдинин абалы кичине жакшырып келатат, бирок өз калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат. Ал эми балабызды туура эмес дарылаган дарыгерлерди сотко берүү тууралуу азырынча ойлоно элекпиз. Жалгыз тилегибиз Рыскелдинин тезирээк сакайып кетиши болуп, күнү-түнү анын жанынан чыкпай жатабыз”,- дейт А.Нурманбетов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
30.01.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Астагфираллах! Аллах щыпасын берсин!!!
30.01.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шалаакалар десе! Баары акча м.н бутургондорда!!!
30.01.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сотко берсин шалаакыларды жазасын алсын андайлар адам омуру мн иш кылгандан кийин ар бир ишин конул коюп аткарыш керек кичине жоопкерчиликти сезишсе болмок
30.01.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай бала екен,одн кордум ,айыгып кетсин
30.01.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип эле анализ алып текшербей туруп,резултатсыз эле даарылай баштайт,тообо кылдым алган айлык акыларын актап жешсе боло....
30.01.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Билбеген бир дарыгерге туш келип калган да.азыркы заманда ооруп ооруканага баратып,эээ кудай бешенеме бирдемени билген дарыгерге туш болсом экен деп тилеп калдык.эртерээк сакайып кет.
30.01.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде эң биринчи мед окуу жайлардан башташ керек. окуу жайлар пара алмай бермейге толуп кеткен..убагында акча менен окугандардын айынан мындай шалаакылыктар болуп келген жана да болуп жатат..
30.01.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык анализ албай туруп мына кызык,кызамык куч алып жатат деп эле кызамык деп дарылай баштаган да э,эми не деп актана баштайт экендер?
30.01.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпасын берсин!!!
30.01.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде аптекадан алган даарыдан болуп атса керек. Азыр аптекаларда деле жасалма,убактысы отушуп кетке н даарылар деле болуп калышы мумкун. Ошондой даарыдан ичип алган го. Дарыканалардан дарыны бир гана рецепт менен саткандай закон кабыл алыш керек. Элдин да ан сезимин озгортуш керек баш аламан дары ичбегендей кылып. Коп адамдардын дары дармекке аллергиясы бар,ошондуктан доктурга корунуп анан кийин дары ичиш керек го дейм,жон эле тонналап ичебиз кээде рекламадан коруп алып эле.
30.01.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура эмес диагноз койгон даарыгерлер дипломду зачетторду сатып алса керекда
30.01.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызстандын сатуучуларынан срок год сурасан же озун окусан жаман корушот колундан жулуп алып алба сатпайм деп урушушат канчасы менен урушасын, баары деп айталбайм бирок коп мындай сатучулар
30.01.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
анализ албай туруп кантип диагноз коёт тооба. Эки тарапта тен куноо бар. дары ичип ушинтип калды деп оздору да айтса болмок. Алар да анализ алып анан так суйлосо болмок. Ортодо бала эле кыйналдыда байкуш.
31.01.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздун байкебиз го!!! Абдан сулуу,таланттуу, колунан баары келген жигиттин гулу! Биз Таласта болуп алыс болуп калат экенбиз... Баарыбыз сиздин ден-соолугунузду тилеп жатабыз. Сакайып келип, мурдакыдай кулуп-жайнап журо бериниз(((!!!
01.02.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан көчөдө , ош базарда, үйдө же магазинде сатылган, ошондой эле стажы жок жаш фармацевт аптекаршадан дарыларды албагыла.
Дары дармекти Неман Фармлан алсанар таза, арзан дагы, туура консултация берет.
Деги сак болуш керек, бул окуяны окуп жаман болуп жатам.
Ал порошок дарысы ашып кетсе 100сом болсо керек, жаш баланын өмүрүн бүт бузуп, акылы жок колунан келбегенден кийин бирөөнүн өмүрү м.н ойногон врачтар...аптекаршалар лиж бы дарынар өтсө болду да
05.02.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
16.02.2015. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсин. Дарыланыш абдан коркунучтуу болуп бара жатат. Супсулуу баланын ден соолугун бузуп атышат. Айылдагылардын баары ден соолугун тилеп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: