super.kg logo
  Саясат  

"Газпром" Кыргызстандын 411 калктуу конушуна газ жеткирүүгө даяр

 
Орусиялык "Газпром" ишканасы Кыргызстандын 411 калктуу конушуна жана 845 миң батирине газ жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөттүн кезексиз жыйынында “Газпром промгаз” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Юрий Спектор билдирди.

Анын айтымында, бул планды ишке ашырууда 2750 чакырым газ түтүктөрү салынат. "2030-жылга чейин КРнын газ менен камсыздоо жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасына ылайык, жалпысынан өлкөнүн 60 пайызына газ жеткирүү пландалган. Бул ишти алып барууда кыргыз тарабы керектүү шарттарды түзүп берүү керек. Мындан тышкары ишкана Кыргызстанда газ менен иштеген унааларды газ отуну менен камсыздоого даяр. Буга да керектүү станцияларга муктажбыз",- деди Спектор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: