super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык форумга катышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Надира Нарматова Таиланддын Бангкок шаарында БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун Улуттук комитеттеринин адвокаттык иштерди пландаштыруу боюнча төртүнчү жолугушуусуна катышты. Форумга 23 өлкөнүн парламент өкүлдөрү катышканын 30-январда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  

Карамушкина өз баяндамасында Кыргызстандын "Жарандардын репродуктивдүүлүк укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндө" мыйзам долбоорун алып чыгуу жаатындагы тажрыйбасы тууралуу сөз кылды. Ал айрым парламентчилердин мыйзам долбоорунда камтылган негизги түйшүктөрдү кабылдагысы келбегени башкы кыйынчылыктардын бири болгонун белгиледи. Ага "сексуалдык ден соолук жана билим берүү", "карын эне" деген сындуу түшүнүктөрдү мисал келтирди.

"Жарандардын репродуктивдүүлүк укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндө" мыйзам 2000-жылы кабыл алынып, андан соң бир нече жолу түзөтүүлөр киргизилген. 2009-жылы аны ишке ашыруу жүрүмүнө мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында депутаттар менен эксперттер тобу кыйла өркүндөтүлгөн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечимине келген. Мыйзам азырынча кабыл алына элек. Ал эми Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында боюнан алдыруунун саны өсүп баратат",- дейт И.Карамушкина.

Жолугушуу соңунда Азия-Тынч океан аймагында жайгашкан өлкөлөрдөгү калкты жайгаштыруу маселелери боюнча андан аркы иш пландарды биргелешип ишке ашыруу жаатындагы өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: