super.kg logo
  Саясат  

"Газпром" 3 жыл ичинде Кыргызстанга 34 миллиард рубль инвестиция салат

 

Жакынкы 3 жыл аралыгында "Газпром" ишканасы Кыргызстанга 34 миллиард рубль инвестиция салат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөт жыйынында “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер билдирди.

Анын айтымында, бул каражат өлкөнүн аймактарына газ жеткирүү боюнча биринчи кезектеги объектилерин куруу жана реконструкциялоого багытталат. "Кыргызстандын ар бир облусуна газ жеткирүү колубуздан келет. Буга чейин "Газпром" Кыргызстан боюнча ишин баштап жатканда 20 миллиард рубль инвестиция бөлүп берүүнү пландаган. Кыргызстандын газ тармагы менен таанышып чыкканда, бул көлөмдү көбөйтүүнү чечтик. Келишимге ылайык, бардык милдеттерди аткарабыз. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн ыңгайлуу шарттарды түзүп беришине муктажбыз",- деди Миллер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: