Бүткүл дүйнөлүк ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Абдалла Матуук аль-Матуук Кыргызстанга келет
Жусупбек Шарипов жана Бүткүл дүйнөлүк ислам кайрымдуулук уюмунун башкы директору Салим Хамад.

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов 29-январда аталган өлкөдөгү Бүткүл дүйнөлүк ислам кайрымдуулук уюмунун башкы директору Салим Хамад менен жолугушту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Мындан тышкары эмирдин кеңешчиси, БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча өкүлү, Бүткүл дүйнөлүк ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Абдалла Матуук аль-Матууктун Кыргызстанга болчу иш сапары талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

