super.kg logo

Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 24 дарыгер жетишпейт

 

Бүгүнкү күндө Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна 24 дарыгер жетишпейт. Бөлүп санай келгенде, жалпысынан 14 үй-бүлөлүк дарыгерге жана онколог, нарколог, рентгенолог, логопед, уролог, эндоскопист, иммунолог, физиотерапевттерге муктаждык бар. Мындай маалымат Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү сектору жана социалдык мекеме-ишканалар тарабынан 2014-жылы аткарылган иштери боюнча маалыматында камтылган.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы аталган борбор тарабынан калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо боюнча, сергек жашоо үлгүсүн калыптандыруу, медициналык жардамдын сапатын, натыйжалуулугун арттыруу, оорунун алдын алуу, дары-дармектер менен камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында  бир катар иштер жасалды. Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө 5 борбор жана "Тез жардам" бөлүмү иш алып барышат. Ошондой эле 39 дарыгер, 105 орто медициналык кызматкер эмгектенет. 2014-жылы 8 дарыгер, 17 орто медициналык кызматкер билим деңгээлин жогорулатты.

Бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринин бири болуп калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө дарыгерлердин жетишсиздиги, өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлердин жоктугу көрсөтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдɵ. Иштеп жаткан дарыгерлердин ичинен 55-60 жаштан өткөндөр 61,5 пайызды түзсө, ал эми 35 жашка чейинки дарыгерлер 5,1 пайызды түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: