super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте биатлон боюнча мелдеш өткөрүлөт

 

Үстүбүздөгү жылдын 31-январынан 1-февралына чейин Таш-Дөбө айылында биатлон боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 31-январь күнү саат 11:00дө башталат. Иш-чаранын негизги максаты - жаш балдар менен өспүрүмдөрдү дене тарбия менен машыгууга, жигердүү эс алууга жана сергек жашоого чакыруу, ошондой эле өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу, борбордук курама командасын түзүү, шаар тургундарынын арасында биатлонду кенен таанытуу. Ага 14-17 жаштагы спортчулар катышат. Мелдеш биатлондун бир нече түрү: спринт жана пасьют боюнча өтөт. Аталган мелдешти Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: