super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нурлан Төрөбеков "дипломум жасалма эмес экенин далилдейм" деди

 

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында депутат Нурлан Төрөбеков диплому жасалма эмес экенин далилдөөгө убада берди. Депутат ооруканадан айыгып чыккан соң, окуу жайдан диплом алгандыгын аныкташ үчүн Улуттук университеттин архивин карап чыгарын айтты.

"Баары эле мен тууралуу "коркуп, парламент жыйынына келбей жатат" дешти. Бирок мен ооруп, ооруканада дарыланып жаттым, азыр деле дарылануудамын. Мен сиздерге "дипломум жасалма эмес экенин тастыктоочу материалдарды алып келем" деп айтып коюу үчүн келдим",- деди Төрөбеков.

Фракция мүчөлөрү колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова депутат Төрөбековго 2014-жылдын 24-сентябрында "мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чинди жасалма дипломду пайдаланып алган" деген негизде ага кылмыш ишин козгоп, парламенттен аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Бирок 28-январда Жогорку Кеңеш Төрөбековду мандаттан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берген жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: