Жайыл районунда жол кырсыгынан 1 адам жаракат алып, 1 адам набыт болду
Жайыл районундагы Бишкек - Ош унаа жолунун 147-чакырымында жол кырсыгы катталып, 1 жүргүнчү каза болуп, өспүрүм бала ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы С.М. аттуу айдоочу Тойота Приус үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып жол боюнда токтоп турган Мерседес үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Тойота үлгүсүндөгү унаанын 35 жаштагы К.А. аттуу жүргүнчүсү каза болуп, ал эми 14 жаштагы С.Д. аттуу жүргүнчүсү оор жаракаттарды алган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.