Эрмек Мамыркалиев: "Кыргызстан Иран менен экономикалык, маданий кызматташтыкты бекемдөөгө даяр"
28-январда Ирандын Мажилисинин парламенттер аралык тобу менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев жолугушту. Жолугушууда Мамыркалиев ирандык делегацияны Кыргызстанга келиши менен куттуктады. "Иран-Кыргызстан" ынтымагынын парламенттер аралык тобунун келиши Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда бул үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги белгилүү",- деди статс-катчы.
Автор: Автандил Добулбеков
Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тараптан тең төрагасы транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов экенин, комиссиянын кезектеги жыйыны жакында өтөрүн айтты.
Кыргызстан Иран менен экономикалык, маданий карым-катнашты бекемдөөгө даяр экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

