Өткөн жылы экстремисттик маанайдагы кылмыштар 20,9 пайызга өскөн
Өткөн жылы экстремисттик маанайдагы кылмыштар 20,9 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылы өлкө аймагында экстремисттик маанайдагы 283 кылмыш катталып, алар боюнча 157 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2013-жылы 234 факты катталса, 128 кылмыш иши козголгон болчу. Муну менен 2014-жылы экстремисттик маанайдагы кылмыштар 20,9 пайызга өскөнүн айтса болот.
Айта кетсек, учурда Ички иштер министрлигинин каттоосунда 1703 экстремисттик жана террордук уюмдардын жактоочулары бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.