super.kg logo

Куурчак театрынын өнөрпоздору көп балалуу жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына оюн-зоок көрсөтүштү

 
М.Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрынын директору Сатылган Сазаев.

Бүгүн, 30-январда Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрынын ишмердүүлүгү менен аз камсыздалган жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары тааныштырылды. Иш-чарага келген балдарга алгач аталган театрдын өнөрпоздору уюштурган оюн-зоок көрсөтүлдү. Карышкыр, Түлкү, Акыра өңдүү жомок каармандары менен бирге ырдап-бийлеп, театрды шаңга бөлөштү. Андан соң бөбөктөрдү жомок дүйнөсүнө жетелеген “Бакыт баары үчүн” деген аталыштагы спектакль көрсөтүлдү. Режиссёр Валентина Анникованын бул жомогуна КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Свердлов районунун акимчилигин өкүлдөрү жана башкалар күбө болушту.

Иш-чара Бишкек шаарынын вице-мэри жана Свердлов районунун акими, Куурчак театры тарабынан демилгеленген. Ага Свердлов районундагы мектептерде окуган 300 бала катышты. 

"Аталган спектакль апасынан качып, бакыт издеп токойго келген чычкан тууралуу. Анда чычкан токойдон бардык жаныбарлар менен жолугат. Алардын жан дүйнөсүнө кирип, таанышып чыккан соң, бакыт апасы менен бирге болуу экенин түшүнөт. Режиссёр бул жомок менен "балдар ата-энеси менен бирге болушу керек" деген маанини берген. Азыр ата-энелер күнүмдүк түйшүк менен алпурушуп жүрүп балдарга тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай калышат. Алардын жан дүйнөсүн азыктандырган Куурчак театрына алып келгенге убактылары болбойт. Ал эми бул театр жомоктогу каармандар аркылуу жаман менен жакшыны ылгап билүүгө үйрөтөт",- дейт аталган театрдын директору Сатылган Сазаев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: